Эреже бузуулар болсо чалыңыз! Добуш берүү күнү өкмөт үйүндө call-борбор иштейт

Эртең, 4-октябрда добуш берүү күнү Өкмөт үйүндө Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштейт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Добуш берүү күнү шайлоочулар электр жарыгынын, интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан бет кап режиминин жана санитардык ченемдердин сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66-28-58, 62-51-19, 66-28-51, 96-14-54, 96-03-11, факс (0312) 66-61-97.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул номурларга чалуулар "Кыргызтелеком" ААКнын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kylychisa
2020-10-03 14:41:28
Пайда жок баарибир 3 партиядан бузуу коп болот аларга тийбейт
+6
Adil18
2020-10-03 14:47:04
Сайттардан,вацап аркылуу эл менен байланыш тузсонор жакшы болмок.Домашный номерлер кобунчо бош эмес болгон болот чалсан.Унунду,видеолорду жеткире албайсын.Анан кантип бузуу фактысын айтып иштеген бийлик болуп жатасынар.
Чындап элге кызмат кыла тургандар вацап,сайт аркылуу жазуу турундо, аудио,видео турундо маалыматтарды алат эленер.
Жон гана куру создон башканы билбеген бийлик окулдору тезирээк кеткилечи,тажаттынар!
+4
Adil18
2020-10-03 14:55:38
Санариптештируу мезгили келди дейсинер.
Бугунку кундо элге эн ынгайлуу социалдык тармактар.
Эмнеге вацап,сайттарды колдонбой жатасынар?
Эч нерсени чече албайсынар,буйрукту гана аикарганды билесинер силер.
+3
Adil18
2020-10-03 14:56:47
Карантинде Ак Уйдогулор ыктыярчылар менен байланышта болуу учун вацаптан группа ачышкан.
+2
Respect.
2020-10-03 15:00:02
Бийлик өзү эреже бузуп жатса кимге арызданмак элек, карга карганын көзүн чукубайт...
+2
Adil18
2020-10-03 15:07:38
tizme.gov.kg сайты дагы иштебей жатат го
+2
Muslim_KGstana.
2020-10-03 15:38:08
Щука мамлекет домашний номер болбойт да


Обычный уюлдук байланыш номерлерин койгула.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан