Рашид Тагаев президенттик шайлоого аттануу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тагаев 1958-жылы 21-августта туулган, "Ошгаз" филиалынын директору болуп эмгектенет.
Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.