Талас шаардык өспүрүмдөр жана балдардын спорт мектебинен Таалайбек Сүйүналиев билдиргендей, 2012-жылдын 15-16-декабрында грек-рим күрөшү боюнча Көкөн Жээнмырза уулунун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өткөрүлмөкчү. Бул мелдешке Кыргызстандын бүт аймактарынан жана коңшу Казакстандан жаш балбандар келмекчи. Утушка ээ болгон балдарга байге тапшырууну Көкөн атанын бала-чакасы мойнуна алган.