Окумуштуулар эмне үчүн пандемияны токтото албай жаткандыгын түшүндүрүштү

Түркиядагы окумуштуулар дүйнө жүзү эмне үчүн коронавирус пандемиясын токтото албай жаткандыгын аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окумуштуулардын маалыматына ылайык, коронавирус адамдын организминде 2 түрдө болот:

1) симптомдуу (белгилери бар)

2) симптомсуз (ооруунун белгиси жок)

"Окумуштуулар COVID-19 оорусунун белгиси жок алып жүрүүчүлөр жана белгилери бар бейтаптардагы вирус жүктөмүн баалоо үчүн изилдөө жүргүзүштү. Анда аныкталгандай, эч кандай белгилери жок, вирусту симптомсуз ташыгандар көбүрөөк жуктуруучу касиетке ээ. Ошондой эле симптомдуу түрдө ташыганга караганда, симптомсуз түрдө ташыгандарда вирус көбүрөөк болот.

Окумуштуулардын айтымында, ушундай жагдайга байланыштуу көп мамлекеттердеги вирустун жайылышына бөгөт коюу аракети, катаал карантиндин шартында деле натыйжа бербей келет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlanpiter
2020-12-03 01:27:27
Мен да симптомсуз вирус алып жүрүүчүлөр катарында экенмин,карантинде жатам эч кандай даары ичпей эле,врач айтты организм өзү күрөшөт деп
+1
nazira...
2020-12-03 19:14:36
Симптомсуз болсо анда, олуму да симптомсуз болуп олобу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан