
Италиянын Комо шаарынын тургуну жубайы менен урушуп өзүн алаксытуу максатында 450 чакырымды басып өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 48 жаштагы киши аялы менен урушуп кетип сейилдөөгө чыккан. Ал Болонья шаарына бет алып, бир жумадан кийин деңиздин жээгиндеги Фано шаарына келип токтогон. Ал жерден жергиликтүү полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Полициянын билдирүүсүнө ылайык, ал түнкү саат экилерде көчөдө максатсыз жүрүп, шаардагы коменданттык саатты бузган. Ага 400 евро (42 миң сомго жакын) айып пул салынган. Сурак учурунда ал ушунча аралыкты кандайча басып өткөнүн байкабай калганын түшүндүргөн. Анын айтымында, жолдо ага боорукер бейтааныш адамдар тамак-аш беришкен.