
2021-жылы дүйнө жүзү акыркы 75 жылдагы эң ири гуманитардык кризиске туш болуу коркунучунда. Мындай пикирин Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору
Дэвид Бизли COVID-19 менен күрөшүүгө арналган жыйынында билдиргенине таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, келерки жылы түзмө-түз каатчылык болот.
"Дүйнөдөгү куралдуу кагылышуулар акыркы төрт жылда ачарчылыктын алдында турган адамдардын санын 80 миллиондон 135 миллионго чейин көбөйттү. Ал эми пандемиянын кесепетинен алардын саны 270 миллионго чейин жетти. Биз быйыл 19 триллион доллар сарптагандыктан, мындай акча 2021-жылы болушу мүмкүн эмес жана болбойт дагы. Экономикалык төмөндөө болуп жатат, муктаждыктар эки эсе көбөйдү", - деген Бизли.
Ошону менен катар Бизли -2021-жылы адамзат бул апаатты жеңерин кошумчалады.
Мен дүйнө жүзү боюнча көптөгөн досторума жана лидерлериме кайрылып жатам, келерки жылы биз бардыгын каржылай албайбыз. Андыктан биз дестабилдештирүү, ачкачылык жана миграция көйгөйлөрүнө артыкчылык беришибиз керек", - деп билдирди Бизли.
Дүйнөлүк Саламттыкты сактоо уюмунун акыркы маалыматтары боюнча дүйнө жүзү боюнча 63 миллион 500 миң адам коронавируска чалдыккан. Дээрлик бир жарым миллион адам каза болду. COVID-19 эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн тизмесине АКШ, Индия жана Бразилия кирсе, андан кийин Орусия, Франция, Испания, Улуу Британия, Италия, Аргентина жана Колумбия турат.