Президенттикке талапкерлигин койгон Улукбек Кочкоров шайлоонун алдын-ала чыккан жыйынтыктары боюнча пикирин билдирди.
"Урматтуу журтташтар, мени, менин программамды колдоп добуш бергениңиздерге, программамды элге жеткирүүгө бар күчүн жумшаган тилектештериме, "жүрөгүмдөн сизди колдойм, бирок бул жолу сизге добуш бере албадым", - деп каалоолорун айтышкан миңдеген күйөрмандарыма, "программаңыз элге жетип калса экен, үй-бүлөмдүн ырыскысынан атайын сизге алып келдим", - деп 5-10 миң сом акчалай кол кабыш кылган замандаштарыма, баарыңыздарга ийилип таазим этип, ыраазычылык билдирем!
Буга чейин да көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген президенттер элдин үмүтүн актабай, аягы кейиштүү окуялар менен коштолгону баарыбыздын эсибизде. Менин тилегим, бул жолку колдогон элдин үмүтүнө суу себилбей, өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолуна түшсө экен. Жылдап чет жакта жүргөн ата-энесинин мээримине зар болуп, жол караган балдарыбыздын санаасы тыйылса экен. Калкыбыз байгер жашоого жетип, дүйнөнү саякаттап, бактылуу өмүр сүргөн элдердин катарында болсо экен. Баарыбыз бакубат, өнүккөн өлкөдө жашагыбыз келет", - деп билдирди Улукбек Кочкоров.