"Жалпысынан 62 мыйзам бузуу катталды". "Жалпы иш" коомдук фондунун шайлоо боюнча мониторинги

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо мыйзамга ылайык, бирок шайлоочулардын пассивдүү катышуусу менен өттү. Ошондой эле бир катар процедуралык эреже бузуулар орун алды. Мындай анализди көз карандысыз "Жалпы иш" коомдук фонду жүргүзгөн.

Фонддун маалыматына ылайык, шайлоо күнү алар тараптан 500 кыска жана 58 узак мөөнөттүү байкоочу (ред. узак мөөнөткө дайындалган байкоочулар шайлоо өнөктүгү башталгандан берки бардык процесстерге катышат, кыска мөөнөттүү байкоочулар көчмө урналар барган жердеги добуш берүүгө жана шайлоо күнүндөгү добуш берүү процессине гана байкоо жүргүзөт), 58 мобилдүү бригада, 20 офис кызматкери, 8 аймактык координатор жана 16 юрист иш алып барган.

"Фонд чогулткан маалыматтар боюнча кезексиз шайлоого жарандардын катышуусу 39,3 пайызды түздү. БШКнын маалыматына ылайык, 10-январь саат 20.00гө карата жалпы шайлоого катталгандардын ичинен 39,75 пайызы катышкан. Бул көрсөткүч мурдагы 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого салыштырмалуу 16,57 пайызга аз болду.

Көпчүлүк шайлоо тилкелери өз убактысында ачылды. Бирок фонддун байкоочусу барган шайлоо тилкелеринин бири такыр эле ачылган эмес. Шайлоо тилкелеринин 83 пайызында COVID-19га каршы бардык санитардык чаралар сакталган, 16 пайызында санитардык нормалар жарым-жартылай гана сакталды.

Шайлоо тилкелеринин 88,8 пайызында добуштарды саноо мыйзамга ылайык жүргүзүлдү. Бюллетендерди кайра саноо шайлоо тилкелеринин 97 пайызында болду.

Шайлоонун жүрүшүндө бир топ техникалык көйгөйлөр жаралып жатты. Алсак, добуш берүүчүлөрдүн жеке маалыматтарын идентификациялоодо, автоматтык эсептөөчү урналар менен көйгөйлөр болуп жатты. Автоматтык-эсептөөчү урналар иштебей койгон 4 пайыз шайлоо тилкелеринде автоматтык урналар стационардык урналарга алмашылды.

Мындан тышкары шайлоочулардын тизмеси боюнча дагы суроолор жаралган учурлар катталды. 99 пайыз шайлоо тилкелеринде добуш берүүчүлөргө басым жасоо же коркутуу болгону байкалган жок. 1 пайыз шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн сырын бузуу окуясы болду.

Фонд тарабынан дайындалдаган мобилдүү бригадалардын мүчөлөрү барган 535 шайлоо тилкесинин сыртындагы абалына көз салышканда 11 шайлоо тилкеде абал курч болгону байкалган. 507 шайлоо тилкесинде абал тынч болсо, 17 шайлоо тилкесине барган мобилдүү бригаданын байкоочулары бул тууралуу маалымат бере алган эмес. 12 шайлоо тилкесинде шайлоочуларды жеткирүү байкалган", - деп жазылат фонд жүргүзгөн мониторингде.

Жалпысынан фонд тарабынан 62 эреже мыйзам бузуу катталган. Анын ичинен алтоосу БШКнын алдындагы ыкчам реакция кылуу тобуна жөнөтүлгөн. Шайлоо комиссияларынын төрагаларына эреже бузуулар боюнча 45 кайрылуу жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан