Англиянын жараны 158-экзаменден кийин айдоочулук күбөлүк алды

Англиянын жараны айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 158-экзаменин ийгиликтүү тапшырып, күбөлүк алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Англияда айдоочулук күбөлүк алуу өтө оор. Мындан улам аталган өлкөнүн транспорт министрлиги айдоочулук күбөлүк алуудагы эң кызыктуу фактыларды жарыялаган. Анда биринчи орунда өжөр атка конгон жаран 158 жолу экзамен тапшырып анан алган.

Экинчи орунду 30 жаштагы айым ээлеген. Ал күбөлүк алуунун теория боюнча бөлүмүнөн 117-экзамен тапшырган. Бирок баары ийгиликсиз болгон. Үчүнчү орунга 48 жаштагы аял илинген, ал дагы теория бөлүмүнө 94 жолу экзамен берген.

Ал эми 72 жаштагы жаран айдоочулук күбөлүктүн практика бөлүмү боюнча экзаменди 43 жолу тапшырып, анан алган. Ал эми дагы бир тургун 41 жолу тесттен өтпөй калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dante5
2021-01-16 19:19:31
Бизде эгзамен тапшырбай аласын эн кызыгы
+9
Kari
2021-01-16 21:26:49
Окуйбай эле аласын таанышвн болсо дегин
+5
Taalai-bek
2021-01-16 21:51:11
Бизде ошондой катуу талап менен экзамен тапшыртса 1235657 жолу тапшырса да отмок эмес
+3
Spb
2021-01-16 23:16:01
Ошон учун бизде авария болсо сразу олотта и ищё урган машинасынан да 4 5 ну ала кетет озу менен кошо
+7
Almankg
2021-01-16 23:56:26
Аларда твлап катуу
+3
Almankg
2021-01-16 23:56:29
Аларда талап катуу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан