Бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйында президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялап жатат.
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев бул боюнча баяндама жасады. "54 аймактык шайлоо комиссиясы жана 2 миң 474 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын чыгарып берди. Бул протоколго өзүңүздөргө белгилүү болгондой 8 шайлоо тилкелеринин протоколдору киргизилген жок", - дейт ал.
Анын айтымында, Садыр Жапаров шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун алды.
Жапаров Садыр Нургожоевич 79.02% (1 миллион 105 миң 248 добуш берилди)
Исаев Канатбек Кедейканович 0.58% (8 миң 38)
Арстанбек Мыктыбек 1.69% (23 миң 585)
Сооронкулова Клара Сыргакбековна 1 % (14 миң 500)
Ташов Имамидин Асамидинович 1.17% (16 миң 383)
Тагаев Рашид Бакирович 0.00% (шайлоого катышуудан баш тарткан)
Сегизбаев Абдил Кенешевич 1.46% (20 миң 335)
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 6.79% (94 миң 741)
Касенов Аймен Абдыталипович 0.91% (12 миң 680)
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 0.58% (9 миң 397)
Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 0.10% (1 миң 327)
Абакиров Эльдар Курманбекович 0.50% (6 миң 996)
Асанов Курсан Сатарович 0.49% (6 миң 885)
Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 0.08% (1 миң 157)
Жээнбеков Равшан Бабырбекович 0.19% (2 миң 652)
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 0.49% (6 миң 893)
Төлбаев Бабыржан Латиханович 2.36% (32 миң 979)
Иманалиев Каныбек Капашович 0.18% (2 миң 490)
БААРЫНА КАРШЫ 1.34% (18 миң 673)