Нарын. Нарын шаарында малдын санын каттоо жүрүп жатат

Нарын шаарынын аймагында малды жана үй канаттууларын эсепке алуу 2012-жылдын 1-декабрынан 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын шаардык мэриясынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы №556-б буйругу чыгып, комиссия түзүлүп, иш планы бекитилген. Нарын шаарынын аймагындагы бардык категориядагы, чарбалардагы малды жана үй канатттууларын 2012-жылдын аягына карата эсепке алуу иштери жүргүзүлүүдө. Инвентаризациялоо жана санап чыгуу убагында маалыматтарды берүүдөн баш тарткан же малы, үй канаттуулары багылган аймакка санакчылардын кирүүсүнө тоскоол кылган адамдарга мыйзамдарда белгиленген тартипте тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгын Нарын шаардык мэриясынын сектор башчысы, комиссиянын төрагасы А.Ибраев маалымдады.

      

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан