Социалдык фонддун кирешеси акыркы 11 айда 26,8 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, 2012-жылдын январь-ноябрь айларына карата өлкө боюнча пенсия толугу менен берилип, 1-декабрга карата эч кандай карыз жок.