Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот өкүмү Мелис Турганбаевди канааттандырбайт

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев 26-ноябрда чыккан Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот өкүмү тууралуу өз оюн билдирди. Бул тууралуу: "Бул иш боюнча жаза мөөнөттөрү мени канааттандырбайт, мындан да көбүрөөк мөөнөт бериш керек эле. Бирок, башкысы, күнөөлүүлөр жазасын алышты. Тергөө жана сот иштери жүрүп жатканда аябай эле тоскоолдуктар болуп жатты. Күбөлөрдү коркутууга, ишти бурмалаганга аракет кылышты. Эми Бакиевдердин жана аларга жардам берген адамдардын үстүнөн сот иши башталат. Бул кылмышты жол кырсыгы деп жаап койгондор бар, аларга да юридикалык баа берилиш керек. Азырынча сыртка чыкпай, иштелип жаткан маалыматтар көп. Ошолордун аягына чыксак, дагы көптөгөн кылмыштардын бети ачылат",- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан