Мелис Турганбаев: "Бишкекте кафе салганбыз, аны аялым иштетет"

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев жеке жашоосу тууралуу айрым маалыматтар менен бөлүштү. Достору тууралуу ал: “Досторум көп. Арасында байлары да бар. Алардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдө жашашат. Заводдору бар, бизнес менен алектенишет. Мага “керек десең акча, үй, автоунаа алып беребиз, жөн гана коррупцияга малынбай иште” деп айтып калышат. Эгер мен да ишкерлик менен алпурушуп калсам, бизнесимди чет өлкөлөрдө ачмакмын. Досторумдун арасында Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров да бар”,- деп билдирди. Ал эми ушактар тууралуу мындай дейт: “Мени көп ушактар ээрчип жүрөт. "Кабат-кабат үйлөрү бар" деп да сөз чыгарып жиберишиптир. Ал тууралуу жообун айта турган болсом, эми алачыкта жашабайм да, 4 сотых жер тилкеде үйүм бар. Өткөн кылымдын 90-жылдарында Бишкек шаарынан жер үлүшүн алып кафе салганбыз, аны аялым иштетет. Уурдап, пара алып, бирөөнүн акчасын жеген жокмун, кафеден түшкөн каражаттар биздин киреше байлыктарыбыз экендигин да айта кетейин”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан