Каракол шаарынын СИЗОсунда отургандар кайрадан массалык ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, СИЗО-23тө бүгүн камактагы 79 адам тамак ичүүдөн баш тартышкан. Ачкачылыкка камактагы жашоо-тиричилик шарттарынын канааттандырарлык эмес экендиги себеп болгондугу айтылууда. Ошондой эле ачкачылык жарыялагандар аталган СИЗОнун жетекчисин кетүүсүн талап кылышууда. Учурда акыйкатчынын борбордук аппараты жана укук коргоочулар териштирүү иштерин жүргүзүүдө.