Бүгүн, 31-майда өлкөбүздөгү эң алдыңкы болгон “Супер-Инфо” гезити туулган күнүн белгилеп жатат. Дал ушул күнү алгачкы саны чыга баштаган гезит ал кезде сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган. Убакыттын өтүшү менен гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып, эки жылдын ичинде алдыңкы гезиттердин катарына кошулган. Ата мекендик гезиттердин дөө-шаасына айлана алган "Супер-Инфонун" туулган күнүнө карата түзүлгөн тесттен өтүп, суперди канчалык деңгээлде билериңизди текшерип көрүңүз.