Орусиянын Камчатка жарым аралында дайынсыз болуп жаткан АН-26 жүргүнчү ташуучу учагынын сыныктары Охот деңизинин жээгинен табылды. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматындагы өздүк булактарына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, АН-26 учагынын сыныктары Палана шаарчасынан 3,8 чакырым алыстыкта жайгашкан тик учактан көрүнгөн.
Бүгүн, 6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары. Учурда АН-26 учагын издөө иштери улантылып, ага деңиз кемелери, тик учактар тартылган.