Германия Өзбекстандын жардамы менен жарандарын Ооганстандан эвакуациялоодо

Германия Ооганстандагы жарандарын Өзбекстандын жардамы менен өлкөсүнө алып кетүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жарыяланды.

"Ташкент аэропорту 18-августта 100дөн ашык Германиянын жарандарын алып келе жаткан А400М согуштук-транспорттук учагын кабыл алды. Бул жарандарды эвакуациялоочу алгачкы каттам эмес. Бүгүнкү күнгө чейин бардыгы 260 жаран Ооганстандан Ташкентке алып келинди. Эми алар Германияга учуп кетишет", - деп билдиришкен Германиянын Өзбекстандагы элчилигинен.

Буга чейин, 17-августта Ташкенттен барган Германиянын согуштук учагы Кабул аэропортундагы баш аламандыктан улам болгону 7 гана жаранын алып келүүгө жетишкени айтылган.

Ошондой эле Ооганстандан Германиянын жарандарын эвакуациялоо боюнча кызматташуулар эки өлкөнүн президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө макулдашылганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан