АКШ бир жумада Ооганстандан 17 миңден ашык жаранын эвакуациялаганы айтылды

АКШ 14-августтан бери Ооганстандан 17 миңден ашык жаранын өз өлкөсүнө эвакуациялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги өткөргөн брифинг учурунда айтылганын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Жо Байден жарандарын Ооганстандан алып кетүү иштери 31-августка чейин аягына чыгарына үмүттөнүп жатканын билдирген.

Ошондой эле "Талибан" кыймылы жарандарды эвакуациялоодо тыгыз кызматташып жатканын кошумчалаган.

Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жашоочулары мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
suban78
2021-08-22 12:06:14
АКШ кочуп эле барып алган беле эмне балээ
+2
ayzhan12
2021-08-22 12:17:10
Талибтер динди таңуулап, динди шылтоо кылып эркек балдарга милдеттуу турдө, мажбурлап сакал өстүрткөнү, аялдардын бети-башын хиджабка тумчулаганы эч бир жакшылык алып келбейт. Муну менен аялдардын жашоо турмушу да жакшы жака өзгөрүп кетпейт. Аялдардын бети башын миң жолу чүмкөп, тумчулашсын бары бир аялдар арасында түйшүк, жакырчылык, жокчулук, жетишсиздик, кордук, зомбулук, оору улана берет. Себеби мындай маселелер бети башты чүмкөнүү менен чечилбейт.
-2
JaneEr
2021-08-22 12:19:53
ayzhan12,качан болсо ар кандай логин мн динге жабышып коммент калтырган неме экенсин.Сага окшогондордун чырагына май тамды.
0
Pankration_MMA
2021-08-22 12:33:25
17 миңден ашык америкалыктар ал жакта эмне кылып жүрүшөт?
+3
Belek1710
2021-08-22 13:30:52
дагы 17миңи калса керек 31 августка чейин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан