Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жеке кыргыз эле эмес, дүйнө эли сүйүп окуйт.
Чыңгыз Айтматов улуу сүрөткер катары көпчүлүк баамдай билбеген жагдайда жөнөкөй адамдагы улуу сапаттарды таба билген. Анын айрым адабий каармандары кандайдыр бир деңгээлде тарыхый каармандай таасирге ээ. Башкача айтканда, Айтматов айылдык карапайым кыргыздардан дүйнө тааныган кыргыздарды жаратты. Маселен, Танабай менен Толгонай эне.
Жазуучунун чыгармаларындагы өзгөчө жалындаган тема - бул сүйүү темасы. Асел менен Иляс, Мырзагүл менен Султанмурат, Данияр менен Жамийла, Раймаалы менен Бегимай. Махабат темасы - адамды адам кылып турган эң бийик аруу сезим катары сүрөттөлөт.
Бул ирет SUPER.KG порталы жазуучунун махабат тууралуу эң сонун баян аталган чыгармасы "Жамийла" повестинин негизинде түзүлгөн тестти сунуштайт.