Чүй ОИИББи билдиргендей, Сокулук районунда адам өмүрүн алып кеткен автокырсык катталды. Окуя 6-декабрь күнү Гавриловка айылында саат 21:00 чамасында болгон. Мерседес унаасынын айдоочусу 49 жаштагы С.А. аттуу адам Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда баратып 40-45 жаштардагы адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу адам ошол жерден каза болгон. Учурда бул иши боюнча иликтөөлөр башталды.