Панфилов айылында өрттөн 33 жаштагы айым каза болду

Чүй облусуна караштуу Панфилов айылында өрттөн 33 жаштагы айым каза болду. Бул тууралуу бүгүн ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 6-декабрь күнү саат 11:00 чамасында өрт өчүрүү кызматына Панфилов айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт өчүрүүчү топ барганда үйдүн 2 чарчы метр аянты күйүп кеткени аныкталган. Ошондой эле газдын иcине ууланып калган 33 жаштагы Зулайка Абдыбайтуеванын жансыз денеси табылган. Учурда өрттүн келип чыгыш себеби аныкталууда. Кошумчалай кетсек, кечээ Кыргызстан боюнча 18 өрт кырсыгы катталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан