Жалал-Абадда бейтаптарга бөлүнгөн дарыларды кымырып алууга айыпталган дарыгердин иши сотко өттү

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда орун алган кызматтык кылмыш боюнча тергөө аяктап, иш соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан деп айыпталууда.

“Тергөөдө мамлекеттик бюджеттен кант диабетине чалдыккан оорулуу адамдар үчүн бөлүнгөн медициналык жабдуулар жана дары-дармектерден 761 миң 760 сомдук дары-дармектерди сатып, кымырып алышкандыгы аныкталган”, - деп жазылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгында, келтирилген материалдык зыяндын 600 миң сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлүп, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары И.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш соттун кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан