21-март Нооруз майрамы. Күн менен түн тогошкон бул күндү Нооруз же Жаңы күн майрамы деп көп жылдар бою белгиленип келет. Өлкөбүздө бул күнү аруу тилектер айтылып, улуттук оюн-зооктор ойнолуп, жайыл дасторкондун тегерегинде жакындар чогулушат.
Порталыбыздын "Супер фактылар" рубрикасында Нооруз майрамы тууралуу кызыктуу фактыларды тизмектеп чыктык.
* Нооруз Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы.
* Тарыхчылардын айтымында, Нооруз байыркы перси, азыркы иран элинде биздин заманга чейинки II кылымдан баштап майрамдалып келет. Ал Араб халифаты орногондон кийин бүтүндөй түрк элдерине жайылган маданият.
* "Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинин "науруз" деген сөзүнөн алынып, бизче "нау" – "жаңы", "руз" – "күн" деген маанини билдирет.
* Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргыз өлкөсү бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.
* Ноорузду дүйнө жүзү боюнча 20дан ашуун эл жана улут өкүлдөрү майрамдашат. Бул Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Пакистан, Иран, Ирак, Казакстан, Азербайжан, Пакистан, Түндүк Индия, Македония, Түркия, Тажикстан, Ооганстан жана башкалар.
* 2009-жылдын 30-сентябрында Нооруз Бириккен улуттар уюмунун билим, илим жана маданият боюнча мекемесинин (ЮНЕСКО) Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Ошондон тарта 21-март Нооруз Эл аралык майрамы деп жарыяланган.
* Ноорузду белгиленген бардык элде дастарконго өстүрүлгөн жети тамактын түрүн коёт. Анын эң атактуусу сүмөлөк болуп саналат. Ал өнгөн буудайдан жасалат.
* Ноорузда арча менен аластоо салты колдонулат.
* Ноорузда жакшы тилектер айтылат. Жаш-карынын баары чогулуп, улуттук оюн-зоокторду ойношкон.
* Нооруз майрамы күн менен түн теңелген мезгилге туура келет. 21-марттан тарта түн кыскарып, күн узара баштайт.
Нооруз майрамын белгилөөдө жети дубан боюнча өзгөчөлүктөр бар. Аларды шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.