Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 59 жаштагы жаран 6 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-июнь күнү Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына (БЧК) 1963-жылы туулган Ш.Р. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүүгө 22 куткаруучу тартылган.