Бишкекте бир нече көчөнү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада жол инфраструктурасын кармоо, жол сызыктарын түшүрүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иш алып барылууда.
Бүгүнкү күндө Корей көчөсүнүн Мессаростан Сельповскаяга чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Шаардагы 3 жаңы конушта - Калыс-Ордо конушунда 4 көчөдө, Дордой конушунда 2 көчөдө, Мурас-Ордо конушунда 4 көчөдө шагыл төгүү иштери да жүргүзүлүүдө.
"Ататүрк" сейил багында парктын ичиндеги тротуарлар оңдолууда. Чуңкурларды оңдоп-түзөө, жолду белгилөө иштери "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын өндүрүштүк планына ылайык жүргүзүлүүдө.