Бишкекте айрым маршруттук таксилердин каттамы өзгөрөт

Бишкекте айрым маршруттук таксилердин каттамы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгында коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлөт.

"Жунусалиев-Жаманбаев-Айтматов көчөсүнүн чыгыш багытындагы тилкесинде №106 маршруттук каттамдын кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды.

№192 маршруттук таксинин айланма жол менен, Ибраимов көчөсү 2, Эмгекчил көчөсү 15, Ибраимов көчөсү 3кө чейинки каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү.

№135 маршруттук таксинин каттамы Ак-Марал көчөсү менен Чортеков, Күйүкова, Ак Таң, Камбар-Ата, Садыбакасов, Эр-Тайлак көчөсүнө чейин жарым-жартылай өзгөртүлдү, андан ары өзүнүн каттамы менен.

Ошондой эле Новопавловка айыл өкмөтүнөн "Ак-Ордо" 498 контурундагы №169 маршруттук таксинин каттамын өзгөртүүсүз калтыруу боюнча кайрылуу түшкөн. Жыйынтыгында жеринде комиссия уюштуруп, бул маселени кийинки комиссияга өткөрүү чечими кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан