Таласта дарыгер кызга үйлөнгөндөргө сүйүнчү пул берүү жарыяланып, сыйлыктын алгачкы ээсине 50 миң сом тапшырылды. Бул туурасында президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жыйында билдирди.
Анын айтымында, мындай демилге дарыгерлердин жетишсиздигинен улам жарыяланган.
"37 айыл өкмөтү менен жолукканыбызда, дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча көйгөйлөр бар экенин укканбыз. Бул маселени чечүү боюнча баарыбыз кеңешип, эгерде ким дарыгер кызга үйлөнсө 50 миң сом сүйүнчү пул беребиз дедик элек. Жарым жылдын ичинде Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургуну Чыңгыз Айдаралиев невролог Жолдубай кызы Назгүлгө баш кошту. Бүгүн буга байланыштуу 50 миң сом сүйүнчүсүн берип жатабыз", - деди ал.