Борбор калаада троллейбустун линиялары алмаштырылууда. Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Линияларды алмаштыруу 18-июлда башталган. Бир айдын ичинде эскирген линияларды алмаштыруу иштери аяктайт.
Мындан тышкары, Бишкек троллейбус башкармалыгы шаардагы тирөөч мамыларды сырдап, көмөк чордондорду оңдоп-түзөөнү улантууда.