Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Жаңы Кызыл-Суу айылынын тургуну "Кран коюлган, бирок суу акпайт" деп порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган. Анда ал таза суу жоктугунан айыл эли кыйналып жатканын айтып, атүгүл адамдардын ден соолугуна ким жооптуу деп суроо узаткан.
Окурмандын кайрылуусу менен Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Тариел Төрөмырзаевге байланышканыбызда, учурда суу тартыш болуп маал-маалы менен берилип жатканын билдирди.
"Айылдар таза суу менен камсыз кылуу үчүн Дүйнөлүк банктын программасына кирген. Кудай буюрса, күздө иштеп баштаса, долбоор 2023-жылы бүтүп калат. Жалпы суммасы 305 миллион сомдук долбоор менен 11 айылды таза менен камсыз кылуу пландалган.
Бизде таза суу линиясы 1954-жылы курулган. Котур булак деген булактан суу тартып келебиз. Негизги линияны тазалап турбаса, суу өтүшү кыйынга турат.
Жаңы-Кызыл-Суу айылында суу линиялары (кран) бар, болгону график менен берилип жатат. Эртең менен саат 8ден баштап түшкө чейин чыгат. Кийин башка айылга берилет. Чынын айтканда, суу бир аз тартыш болуп жатат. Айыл төмөн жакта жайгашкандыктан суунун жетиши кыйын болууда", - деди ал.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 19 миң 500 калк, 14 айыл бар. Анын 8и расмий статусу бар, калганы статус ала элек.