Эртең, 21-июлда Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жана Полиция шаарчасында таза суу убактылуу берилбейт. Бул туурасында мэриянын сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, таза суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин убактылуу токтотулат.
Мындай чектөө «Контррезервуар» суу алгычында оңдоо жана тейлөө иштерине байланыштуу киргизилди.
“Бишкексууканал” ишканасы жарандардан ичүүчү сууну өз убагында камдап алууну суранып, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.