Октябрь айынан тарта пенсиянын көлөмү жогорулайт

Октябрь айынан тарта пенсиянын көлөмү жогорулайт. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев бүгүн, 20-июлда маалымат жыйында билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, 1-октябрдан тарта пенсиянын көлөмү 50 пайызга жогорулайт. Аны менен катар август айынан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы да 50 пайызга жогорулаары маалым болду.

Ошондой эле министр 2022-жылдын II жарымында социалдык маанилүү чыгашаларды өз убагында каржылоо негизги максаттардын бири экенин белгилеген.

Эске салсак, өлкөдө январь-июнь айларында 35 миң 930 жаран пенсияга чыккан. Соцфонд июнь айында 4 миң 898 жаранды пенсияга чектегени маалым болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан