Эртең, 21-июлда Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол 1 саатка, тагыраагы 9:00дөн 10:00гө чейин толук жабылат. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мындай чектөө Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусуна байланыштуу коюлду.