Таласта мектеп директорлорун тандоо боюнча пилоттук сынак өттү

Талас облусунда мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас районундагы Ш.Жумагулов атындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү таланттуу балдар үчүн Манас мектеп-лицей-интернатына жана Бакай-Ата районундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чалдыбар мектеп-интернатына директорлорду тандоо боюнча сынак болуп өттү.
Директорлук кызматка 7 талапкердин ичинен 4 талапкердин керектүү документтери толугу менен талаптарга ылайык келип, алар толук автоматташтырылган компьютердик тестирлөөгө катышууга укук алышты.
Тест бир жарым саатка созулуп, ага “Башкаруучулук менеджмент”, “Педагогика”, “Курак психологиясы”, “Нормативдик укуктук актылар”, “IT компетенциялары” (колдонуучу деңгээлинде) сыяктуу темалар камтылган.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Манас интернат-лицейинин директору аныкталды. Калган талапкерлер босоголук 60 пайыз өтпөй калгандыктан Чалдыбар мектеп-интернатынын директору кызматына бош орун ачык бойдон калды.
Сынактын жүрүшү түз эфирде Билим берүү жана илим министрлигинин Фейсбуктагы баракчасында көрсөтүлдү. Мындан тышкары жарандык коомдун өкүлдөрү Талас мамлекеттик университетинин аудиториясында сынактын жүрүшүнө көз салып турду.
Белгилей кетсек, компьютердик тестирлөөнүн бардык катышуучулары апелляцияга арыз берген. Бирок апелляциядан кийин дагы жыйынтык өзгөрүүсүз калды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан