Ош шаарында "Алтын сертификат" жана "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын алган мектеп бүтүрүүчүлөрү сыйланышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-июлда Ош шаарынын мэриясында "Алтын тамга" жана "Алтын сертификат" ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Куттуктоо сөзүндө Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин куттуктап, келечек муундардын билим алуусуна ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү шаар бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи. Шаар башчысы "Алтын сертификат" жана "Алтын тамга" аттестаттарынын ээлерине, алардын мугалимдерине эстелик белектерди тапшырды.
Ош шаарында быйылкы жылы 3 окуучу "Алтын сертификатка" ээ болушту:
1. Алимканова Тамара - Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү;
2. Маматисаев Манас - "Олимп" мектебинин бүтүрүүчүсү;
3. Мирлан уулу Жоомарт - М.В.Ломоносов атындагы мектептин бүтүрүүчүсү.
Ошондой эле 3 окуучу "Алтын тамга" сертификатына жетишти:
1. Байитова Нурия Зарипбековна – "Билим" лицейинин бүтүрүүчүсү;
2. Назирбекова Сабрина Асановна - Курманжан-Датка атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү (Сапат);
3. Алимканова Тамара - Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.
Белгилей кетсек, Тамара Алимканова "Алтын тамга" жана "Алтын сертификаттын" ээси.