Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөөгө 41 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 22-июль күнү таңкы саат 6дан баштап 4 жашар наристени издөө иши башталды.
Белгилүү болгондой, 18-июль күнү Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткени кабарланган.
"Учурда издөө иштерин улантууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүмдөн 6 куткаруучу, Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 4, пресс борбордун башчысы, жергиликтүү тургундардан 10 адам, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 20 куткаруучу, кошумча суучулдар кызматынан 5 суучул, жалпы 41 куткаруучу тартылган", - деп жазылат маалыматта.
Издөөнүн эрежесине ылайык, алгач суу үстүнөн, жээктерден, андан соң көлдүн түбүнөн суучулдар издешет. Жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилери айтылат.