Бишкектеги №3 балдар ооруканасында медицина кызматкерлери жетишсиз болууда

Бишкектеги №3 балдар ооруканасында дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Ооруканага Бишкектен гана эмес, Кара-Балта, Токмок, Ысык-Көл, Балыкчыдан да келгендер бар. Күнүнө 1000 бейтап кайрылып жатат, бирок бизде керебеттер жетишсиз. Ага карабай эле кабыл алып жатабыз. Дарыгерлер бир мүнөт да тыным жок иштеп жатышат", - деди ал.

Мамановдун айтымында, оорукана хирургиялык жана соматикалык корпустардан турат. Хирургиялык корпус 1964-жылы, ал эми соматикалык корпус 1977-жылы курулган. Ал жакынкы аралыкта жаңы оорукана курула тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан