Эне тилге эки мүнөт: "Чекеге чыккан чыйкан" фразеологизми кандай учурда колдонулат?

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "Чекеге чыккан чыйкан", "Күл челүү" жана "Баш териси бузук" фразеологизмдерин чечмелеп көрдүк. Аталган фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.

Чекеге чыккан чыйкан - жүрөктү өйүгөн, тынчын алган, кедерги болгон каргаша, тоскоолдук. Мисалы, Сен да менин чекеме чыккан чыйкансың.

Күл челүү - ачуулануу, жинденүү, кыжыры келүү, буркан-шаркан түшүү. Мисалы, Тазабек күүлдөп-шаалдап өзүнчө күл челет.

Баш териси бузук - кара ниет, жаман ойлуу, көңүлү түз эмес, начар. Мисалы, Байымбет булардын баш териси бузук экенин, соо тегерек-тебегенин байкап, эптеп жумшартып кутулууга жан далбасалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан