Орусиядагы элчилик Кыргыз жарандарынан документтерди жанына алып жүрүүсүн суранат

Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан текшерүү иш-чаралары өлкөнүн бардык аймагында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Буга байланыштуу элчилик Кыргыз жарандарынан Орусияда жүрүү укугун тастыктаган документтерди ар дайым жанында алып жүрүүнү жана өлкөнүн мыйзамдарын так сактоону суранат.

"Ошондой эле чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоону өтүнөбүз. Бул маалымат мекендештерибизди адаштырып, тынчсыздандырып жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан