Бишкекте 35 мыйзамсыз соода түйүнү алынды

Бишкекте 35 мыйзамсыз соода түйүнү алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин тапшырмасы боюнча "Ынтымак" жана "Ынтымак-2" сейил багында мыйзамсыз баш аламан соода жүргүзүүгө бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чара жүргүзүлдү.

"Баш аламан соода шаардык электр тармактарына мыйзамсыз туташуу менен коштолуп, борбор калаанын жана энергетика секторунун бюджетине белгилүү жоготууларды алып келет. Октябрь администрациясынын жана "Бишкекжарык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кошулган линияларды кесүү боюнча иштер жүргүзүлүп, 100 метр кабель кесилди.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 35 мыйзамсыз соода түйүнү, 10 көрнөк-жарнак алынган. Баш аламан соода кылган бардык сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Октябрь администрациясы шаардык жана райондук кызматтар менен биргеликте жума сайын райондун аймагында мыйзамсыз соода-сатык боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүп турары кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан