ЭЛДИК КАБАРга жооп: Окурмандын паспорт столго эки күндөн бери кезек жетпейт дегенине министрлик жооп кайтарды

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну кайрылган. Ал аймактагы паспорт столдо бир гана кызматкер иштеп, буга байланыштуу эл узун кезек күтүп, убаракерчилик тартып жатканын билдирген. Атүгүл 2 күндөн бери кезек жетпей жатканына нааразы болгон.

Жогорудагы маселе боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Аксы районунда калкты каттоо жана документтештирүү боюнча мамлекеттик кызматтар Калкты каттоо департаментинин Аксы районунун региондор аралык бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.

Азыркы убакта аталган бөлүм шаардын эки дареги боюнча иш алып барат. Биринчиси Кербен шаарынын Уметалиев көчөсү №183 дарегиндеги ички иштер бөлүмү жайгашкан имаратта 2 кызматкер калкка мамлекеттик кызмат көрсөтөт. Бөлүмдүн 3 кызматкери жана 1 иш кагаздарын жүргүзүүчүсү Ниязалы көчөсү №17 дарегиндеги райондун маданият үйүнүн имаратында документтештирүү боюнча кызмат көрсөтүшөт.

Эске сала кетсек, калкка каттоо кызматын көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана департаменттин аймактар аралык бөлүмдөрдө кезек күтүүлөрдү жоюу максатында ушул жылдын март айынан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ыйгарым укук берилген.

Демилгенин алкагында республика боюнча 156 жергиликтүү бийлик органдары калкты каттоо жана паспорттоштуруу боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө. Тактап кетсек, Аксы району боюнча 10: Авлетим, Ак-Жол, Ак-Суу, Кара-Суу, Кашка-Суу, Кызыл-Туу, Назаралиев, Кош-Дөбө, Жаңы-Жол жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрү калкты каттоо жана документтештирүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүшүүдө.

Аталган айыл өкмөттөрүнө жарандар паспорт алуу, баланын төрөлгөндүгүн каттоо, никеге туруу, «Балага сүйүнчү» жөлөк пулга арыз тапшыруу жана башка ушул сыяктуу кызматтарды алуу боюнча кайрыла алышат", - дешти мекемеден.

Ошондой эле райондо заманбап калкты тейлөө борборун ачуу каралып жатканын кошумчалашты.

"Мындан тышкары учурда Аксы районунун калкынын мамлекеттик кызмат алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү боюнча маселелер каралып, «Кыргыз почтасы» имаратынын 2-кабатына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана заманбап калкты тейлөө борборун ачуу каралып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан