Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны азайды

Кыргызстанда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган муктаж үй-бүлөлөрдүн саны азайды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жарым жылдык коллегиясында билдирди.

"16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,1 пайызга азайып, 3 миң 458 адамды түздү.

Ошол эле учурда жөлөк пулдун көлөмү да көбөйгөн. Президенттин жарлыгына ылайык, ушул жылдын июнь айынан тарта жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомдон 1 миң 200 сомго чейин, башкача айтканда 49 пайыздан 73 пайызга чейин (айына 1 миң 648 сом) көбөйгөн. Жалпысынан өлкө боюнча "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун орточо көлөмү 35,5 пайызга өсүп, 1 миң 343 сом 3 тыйынды түздү", - деп билдирген Базарбаев.

Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө социалдык камсыздоо тармагында активдүү чаралар социалдык колдоо көрсөтүүгө гана эмес, жакырчылыктан арылууга да шарт түзгөн “доордун өзгөрүүсү”.

Ошондой эле ал аз камсыз болгон 2 миң 800 үй-бүлө мамлекеттик бюджеттен чакан ишкана ачууга каражат алышканын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан