Өлкөдө коронавируска каршы жамааттык иммунитет пайда болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Анара Мамбетисаева билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө COVID-19дун алгачкы учуру катталган күндөн тарта 3 миллион жарандын ичинен 1 миллион 240 миңден ашууну вакцина алды.
"Албетте, бул жамааттык иммунитет дегенди билдирет. Бирок бул иммунитет бир жылга эле да. Мисалы, биринчи дозаны 2020-жылы сайып баштаганбыз. Бул учурда вакцина алгандарга 1 жарым жыл болуп кетти, аларда иммунитет жок болушу мүмкүн. Андыктан 1 жарым жыл мурун эмдөөдөн өткөндөр бустердик дозасын сайдырып койгону оң.
Ошондой эле жарандарды вакцина алып, гигиенаны сактоого чакырам. Бизде коомдук жайларда, кичи автобустарда тазалык сакталган эмес, кир, чаң. Бекер вакцина албай жатабыз, ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн колунда", - деди ал.
Мамбетисаеванын белгилешинче, учурда эмдөө Sinopharm вакцинасы менен жүргүзүлүп жатат, августта Pfizer вакцинасынын дозасы келет.