"Суу камдап алыңыз". 25-июлда Бишкектин айрым аймактарында муздак суу берилбейт

Бишкектин айрым аймактарында суу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

"25-июлдан тарта саат 09:00дөн 21:00гө чейин муздак суу берилбейт. Мындай ыңгайсыздык "Гагарин" суу алгычында, Гагарин №38, Лагерная көчөлөрүндө жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.

Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циолковский, Т.Фрунзе, Өмүракунов көчөсүнүн түндүгүндөгү Ак-Өргө конушундагы Л.Толстой көчөсүндө, Жумушчулар шаарчасында жана айыл чарба институтунда муздак суу берилбейт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочулардан ичүүчү суу камдап алууну суранат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан