25-июлдан тарта Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеси жылуулук тармагын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынан маалымдашат.
Билдирүүдө айтылгандай, магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Иш 1-октябрга чейин Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө.
Шаар мэриясы убактылуу жаралган кыйынчылыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутун алдын ала пландап алууну өтүнөт.