Ысык-Көлдө жол коопсуздугун камсыздаган милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат

Өткөн жуманын аягында Ысык-Көл облусунун аймагына 35-40 миңге жакын унаа кирген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында жызылат.

Ага ылайык, аталган аймакка унаалардын көп кириши жол тыгынын жараткан.

"Быйылкы жылы аномалдуу ысык Ысык-Көлдүн жээгине эс алуучулардын жана туристтердин көп агымын жаратты. Ошого байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарынан Ысык-Көл облусуна келген унаа жолдорунда транспорт каражаттарынын агымы кескин түрдө көбөйүп, жол тыгындары пайда болууда.

Учурда эс алуучулардын басымдуу бөлүгү Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында болгондуктан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп, аталган аймактагы ар бир кесилиште жол кыймылын жөнгө салууда", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин сактоону, жолдо этият болууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан