
Айыл чарба министрлиги өрүктүн баасынын төмөндөшүнүн маанилүү факторлорун атады.
Маалыматка ылайык, кумшекердин кымбатташы жана Казакстан менен Өзбекстандагы канттын жетишсиздиги өрүктүн баасынын төмөндөшүнө таасир этүүдө.
"Кыргызстанда кумшекердин баасы коңшу өлкөлөргө караганда төмөн. Дагы бир себеп - Казакстандын өткөрмө бекети аркылуу товарлардын жай өтүшү. Чек арада өрүк жүктөлгөн унаалардын айдоочулары бир күндөн эки күнгө кармалууда.
Кыргыз тараптан чек арадан өтүүдө эч кандай тоскоолдуктар жок, казак бажысынан жай өтүп жаткандыктан кезек күтүүлөр жаралууда. Орто эсеп менен күнүнө өрүк жүктөлгөн 6-7 унаа казак чек арасынан өтөт", - деп жазылган маалыматта.