Өлкө боюнча аймактарда 10 жаңы вирусологиялык лабораториялар курулууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында билдирди.
"Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен республиканын аймактарында 10 жаңы вирусологиялык лабораторияларды куруу жана жабдуу улантылууда", - деп билдирди ал.
Ошондой эле Касымбеков Германия өнүктүрүү банкынын жардамы менен Ошто (ред.; бюджети 13 миллион евро) жана Таласта (ред.; 6 миллион евро) Перинаталдык борборлорду куруу жана жабдуу пландаштырылып жатканын кошумчалады.