COVID-19: Бишкек сары зонага кирди

Бишкек шаары коронавирустун жайылыш темпи боюнча жашыл зонадан сары зонага өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков министрликтин жарым жылдык отчётун берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 25-июлга карата COVID-19 илдети 128 адамдан аныкталды.

"Илдетти жугузгандар көбөйүп кеткен учурда чектөөлөр кириши ыктымал. Мисалы, бет кап тагынуу жана онлайн режимине өтүү. Бирок азыр кооптонууга негиз жок. Биздин система ар кандай кырдаалга даяр", - деди Касымбеков.

Ошондой эле ал коомчулукту COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан