COVID-19 илдетинин катталуусу боюнча Бишкек шаары сары зонага кирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков SUPER.KG порталына билдирди.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө абал туруктуу.
"Акыркы суткада 128 адамдан вирус аныкталды. Ал эми бир жуманын ичинде 980ден ашык катталган. Өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар үчүн санитардык нормаларды сактаңыздар. Бирок тынчсызданууга негиз жок. Эгерде кескин өсүп кетсе, бардык чараларды көргөнгө даярбыз", - деди Жаркынбек Касымбеков.
Ошондой эле ал калкты COVID-19га каршы эмдөөгө чакырды.